2022-жылы Кытайда Byton M-Byte электр жол тандабас унаалары өндүрүлө баштайт

5 января 2021, 17:00

Кытайлык Byton жана тайвандык Foxconn компаниялары 2022-жылдын башында биргеликте Byton M-Byte электр жол тандабас унааларын өндүрүүнү пландашууда. Бул тууралуу CNBS билдирди. 

 

 

Белгиленгендей, Foxconn алдыңкы технологиялар боюнча өзүнүн тажрыйбаларын колдонушат. Мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам Byton компаниясын кризистен чыгаруу үчүн кабыл алынган. 

Foxconn iPhone компаниясынын жеткирүүчүсү болуп эсептелинет. Компания унаалар үчүн шасси жана программалык камсыздоону чыгарат.