2022-жылы Казакстанда балдардын жыргалчылыгынын индекси киргизилет

1 июня 2021, 12:15

Казак Өкмөтү 2022-жылга карата балдардын жаргалчылыгы индексин киргизүү максатын койду. Мындай демилге балдардын коопсуздугун, ден соолугун, билим алуусун жана материалдык жактан камсыз болуусун шарттайт. Бул тууралуу маалымат Казакстандын министрлер кабинетинде белгилүү болду.

Басма сөз кызматы белгилегендей, мындай индекс аркылуу мамлекеттик органдардын балдардын абалын жакшыртуу боюнча иш алып баруусунун натыйжалуулугун көзөмөлдөйт.

Бул үчүн премьер-министр Аскар Мамин билим берүү тармагындагы коопсуздукту камсыздаган инфраструктуралардын жол карталарын эки апта аралыгында даярдоо тапшырмасын бергени маалым болду.