Мамлекеттик архитектуранын бюджети 83 эсеге көбөйөт

26 декабря 2022, 11:27

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин чыгашалары 7 миллиард 23 миллион 972 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу “2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоорунда айтылат.

Быйылкы жылы мекеменин бекитилген чыгашасы 84 млн 280 миң сомду түзүп, келерки жылдын пландалган чыгашасынан 83 эсеге аз болду.

Ошол эле учурда Мамлекеттик архитектуранын бүгүнкү бекитилген бюджети болгону 62 миллион 125 миң сом болсо, калган 6 миллиард 961 миллион 847 миң сому мамлекеттик инвестиция болуп саналат.