Келерки жылы бюджетке Кумтөрдөн 31,4% ашык салык түшөт

20 декабря 2022, 09:24

Кийинки, 2023-жылы Кумтөрдүн дүң кирешесинен салык түрүндө республикалык бюджетке 15 млрд 647,4 миң сом пландалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Бул быйылкы жылга пландалгандан 31,4%га көп болууда. Быйылкы салык 11 млрд 906 млн сомго бааланган. Ошол эле учурда 2024-жылы бул көрсөткүч 17 млрд 702,7 млн ​​сомго (2023-жылга +13,1%) жана 18 млрд 893,4 млнго (2023-жылга +6,72%) чейин өсүшү күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, январь айынан октябрга чейинки он айда бюджетке Кумтөрдөн 27 миллиард 59 миллион 310,7 миң сом түшкөн. Анын 8,7 миллиард сому дүң кирешеге салык түрүндө, дагы 18,4 миллиард сому өлкөнүн минералдык-сырьелук ресурстарын иштетүүгө багытталган.