Былтыр Кумтөрдүн таза кирешеси 302,4 млн долларды түздү

26 февраля 2024, 13:52

2023-жылы “Кумтөр Голд Компанинин” таза кирешеси 302,4 млн долларды түздү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Ишкананын 2023-жылга өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча компаниянын кирешеси 734,2 млн планга караганда 849 млн долларды түздү.

“Жалпысынан 2023-жылы компания 13 тонна 577 килограмм алтын саткан. Жыл ичинде таза киреше 194 млн доллар пландын ордуна 302,4 млн долларды түзүп, республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 млрд 241 млн 71 миң сом түштү”, - деп айтылат маалыматта.