«Макмал Голд Компани» 207,5 млн сом салык төлөдү

22 августа 2023, 13:58

Быйыл “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы мамлекетке 207 миллион 490 миң 636,84 сом төлөдү. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин "Ачык бюджет" сайтында берилген.

Анын ичинде КНС, сатуудан түшкөн салык, киреше салыгы, жер салыгы, мүлк салыгы, роялти, алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык бар.