Быйыл «Балага сүйүнчү» төлөө үчүн 740,9 млн сом каралды

1 июня 2023, 12:52

Кыргызстанда 2023-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пулун төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ар бир жаңы төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон төлөнөт.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.