Абактагыларды багуу үчүн суткасына 480 сомдой кетет — Малиев

11 января 2024, 13:01

2023-жылы абактагылардын тамак-ашына республикалык бюджеттен 318 млн сом сарпталган. Бул тууралуу депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 7 миң 624 абакта отурат. Аларды багуу үчүн суткасына 486 сом кетет.

Депутат Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ар бир мекемесинде абактагылар иштей турган ишкана түзүүнү сунуштады.

“Биз камалгандан кийин “жаңы” жашоо үчүн акча таба алышыбыз керек”, - деди ал.