Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 31,1 млрд  сом сарпталат

6 июня 2023, 13:44

Быйылкы жылга энергетика тармагын каржылоого 31,1 миллиард сом каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар – 22 млрд сом, атайын эсептин каражаттары жана мамлекеттик инвестициялар – 9,1 млрд сом, - деп билдиришти Каржы министрлигинен.

"Кыргызтеплоэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоо чыгымына 1,6 млрд сом каралган. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үчүн 1,1 млрд сом. Бюджеттик ссудаларга 4,7 млрд сом бөлүнөт. Мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларын капиталдаштырууга 10,8 миллиард сом каралган. Энергетика министрлигинин административдик чыгымдарына 125 миллион сом каралса, 71,3 миллион сом бөлүнгөн.