Быйыл жол курууга 1 млрд сом каралган

12 мая 2023, 12:38

Быйылкы жылы Кыргызстанда жол курууга 1 миллиард сом каралды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда 607,7 миллион сом каржыланган.

Эске салсак, март айында Япония өкмөтү Кыргызстанга жолдорду жакшыртуу үчүн 5,3 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берери белгилүү болгон.