Быйыл Бишкектеги беш конушту газдаштыруу башталат

19 января 2023, 16:53

Быйыл Бишкектин беш конушун газдаштыруу иштери башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана каржы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, Лебединовка айылын газдаштыруу иштери башталган, кийинки кезекте Ак-Тилек жана Ак-Бата конуштары турат.

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы 46 конуштун 27си газдаштырылды. Беш конушка газдаштыруу 2023-жылдын планына киргизилген, дагы 14 конуш газсыз калууда”, - деди Арзымат Алдаяров.