Быйыл Салык кызматы 248 млрд сом чогултууну пландоодо

24 января 2023, 11:53

Быйылкы жылы Салык кызматы 248 миллиард сом салык чогултууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Ошол эле учурда салыктан 196 миллиард сом, камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 51 миллиард сом чогултуу пландалууда.

Ал белгилегендей, негизги басым бизнести көмүскөдөн чыгарууга бурулат.

"Бизнести көмүскөдөн чыгаруу – бул абдан маанилүү маселе. Фискалдаштыруу компоненттерин сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Ошондой эле, мекеме электрондук тейлөө борборлорунун системасын мындан ары өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып бармакчы", - деди Мамлекеттик салык кызматынын башчысы.