Социалдык фонд дээрлик 33 миң жаранга пенсия дайындады

9 июня 2023, 14:15

Быйылкы жылдын январь-май айларында 32 миң 973 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Май айында мекеме 5 миң 317 жаранга пенсия дайындаган. Мындан тышкары 1 миң 501 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра эсептелди.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-январына карата республика боюнча 743 миң 727 пенсионер болсо, пенсиянын орточо көлөмү 7 миң 782 сомду түздү.