«Келерки жылы жалпы бюджет 500 млрд сомду түзөт» – Садыр Жапаров

25 ноября 2022, 13:22

Быйылкы жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджетин 400 миллиард сомго, 2023-жылы 500 миллиард сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Биринчи элдик курултайында билдирди.  

Ал ошондой эле 2020-жылы жалпы бюджет 248 миллиард сомду түзсө, 2021-жылдын аягында 313 миллиард сомго жеткенин эске салды.

“Бул көрсөткүчтөр мурда коррупция аркылуу кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшкөн каражаттар бюджетке түшө баштаганын көрсөтүп турат”, - деди президент. 

Мамлекет башчысы 2020-жылдын октябрынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик казынанын кирешелеринин көбөйүшүнүн натыйжасында бюджеттин эсебинен 193 социалдык объектинин курулуш-оңдоо иштери аяктаганын кошумчалады.

Президент кайрымдуулук фонддорун, аймактарды өнүктүрүү фонддорун жана донорлорду каржылоонун маанилүүлүгүн белгилеп, анын эсебинен бир катар социалдык объектилер курулуп, пайдаланууга берилгенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө мамлекет көп жылдардан бери көтөрүлбөй келе жаткан эмгек акыны, пенсияларды, жөлөкпулдарды көтөрүүгө, ошондой эле мектептерди, социалдык объектилерди курууга жана өлкөнү коргоого миллиарддаган каражат жумшап жатат. Ансыз эч нерсе болбойт. Социалдык компонент — биздин саясатыбыздын башкы багыты. Айрыкча дүйнөлүк экономикалык каатчылык болуп, баалар көтөрүлүп, жашоо кыйындап турган маалда”, - деди Садыр Жапаров.

Президент, ошондой эле Кыргызстанда бир нече даяр бизнес-пландар бар экенин, алар ийгиликтүү ишке ашса, жаңы жумуш орундары түзүлөрүн айтты.