Былтыр прокуратура тарабынан 17,8 млрд сомдук зыян аныкталган

8 февраля 2024, 14:45

2023-жылы прокурорлор мамлекетке 17,8 млрд сом зыян келтирилгенин аныкташкан. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Анын 16 млрд 923 млн сому кайтарылган. Анын 4,5 млрд сому накталай, 12 млрд сомдон ашыгы натуралай чогултулган. 

“Прокурордук көзөмөлдүн негизинде жеке ишкерлердин мыйзамдуу кызыкчылыктары ишенимдүү корголот. Ошол эле учурда бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылат”, - деп айтылат маалыматта.