Кыргызстанда 2023-жылы туризм жана мамлекеттик ипотекага 1 млрд сомдон бөлүнөт

16 ноября 2022, 12:32

Кыргызстанда 2023-жылы туризмди өнүктүрүүгө жана ипотекалык насыялоого республикалык бюджеттен 2 миллиард, ар бир багытка 1 миллиард сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Белгиленгендей, бул каражатты “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК жана Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду алат.

“2023-жылдын бюджетинде чек арага жакын жайгашкан айылдарды жеңилдетилген өнүктүрүү үчүн жыл сайын Баткен облусуна 500 миллион сом бөлүнөт”, - деп кошумчалады министр.