Былтыр «Кыргызалтындын» кирешеси 29,3 млрд сомго төмөндөдү

29 февраля 2024, 16:52

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргызалтындын” таза кирешеси 12 миллиард 678,4 миллион сомду түздү. Мындай маалыматтар компаниянын финансылык отчетунда көрсөтүлгөн.

Бул сумма кыйла жогору болгонуна карабастан, 2022-жылга салыштырмалуу бир нече эсеге аз. Анда компания Кумтөр кенин өткөрүп берүүнүн аркасында 42 миллиард 33,2 миллион сом киреше алууга жетишкен. Ошентип, өткөн жыл компания үчүн кирешенин 29 миллиард 354,8 миллион сомго же 3,3 эсеге төмөндөшү менен аяктады деген тыянак чыгарууга болот.

Белгилеп кетсек, таза пайданын олуттуу төмөндөшү негизги эмес ишмердүүлүктөн түшкөн кирешенин (компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө байланышпаган киреше) 2022-жылдагы 45 млрд 960,7 млн ​​сомдон 2023-жылы 11 млрд 850,3 млн сомго чейин кескин төмөндөшү менен түшүндүрүлөт. Мындан тышкары, "Кыргызалтындын" операциялык чыгымдары 49 миллион сомдон дээрлик 1 миллиард сомго (977 миллион сомго) көбөйгөн.