Быйыл республикалык бюджет 500 млрд сом өлчөмүндө бекитилди

20 января 2023, 11:48

Быйылкы жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон республикалык кеңешмеде билдирди.

Ал белгилегендей, макулдашылган финансылык, фискалдык жана акча-кредит саясатынын натыйжасында жаңы ишканалар ишке киргизилип, ИДПнын номиналдык көлөмү 919,4 млрд сомго жетип, 107%га өскөн. Бул өз кезегинде коңшу өлкөлөргө жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу алдыңкы көрсөткүч болуп саналат.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомду же 177%ды түзсө, салыктык түшүүлөр 229 млрд сомго же 100,5%га өскөнүн маалымдады.