Былтыр Кыргызстанга чет элдик 7,3 миң турист келген

26 марта 2024, 15:45

2023-жылы Кыргызстандын 10 миңдей жараны туристтик компаниялар аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Бул компаниялар аркылуу Кыргызстанга 17,5 миң адам саякаттаса, анын 7,3 миңи чет элдик жарандар.

“2023-жылы туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк алдын ала эсептөөлөр боюнча 43,6 млрд сомду же ИДПнын 3,6%ын түздү (2022-жылы 3,4%)”, - деп айтылат маалыматта.