Быйыл Кыргызстанда ИДПнын реалдуу өсүшү болжол менен 3,4%ды түзөт

17 марта 2023, 10:18

Кыргызстандын экономикасынын реалдуу сектору 2023-жылы орточо көрсөткүчтөн төмөн өсүүнү көрсөтөт.

2023-жылдын аягында ИДПнын реалдуу өсүшү болжол менен 3,4%ды түзөт, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 3,6%га жакын болот.

"Кумтөр кенин иштетүүчү ишканада өндүрүштүн өсүшү 2022-жылдагыдан ашпайт. Тармактык контекстте экономиканын өсүшү айыл чарбасы (мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн эсебинен), өнөр жай (иштеп жаткан ишканаларда өндүрүштүн туруктуулугун сактоо жана токтоп турганды калыбына келтирүүнүн эсебинен), тейлөө тармагы жана курулуш тарабынан колдоого алынган", - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.

Келерки жылы реалдуу ИДПнын өсүү темпи болжол менен 3,8%, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 4%га жакын деңгээлинде белгиленет деп күтүлүүдө.