Өлкөдө акы төлөнүүчү кызматтардын баасы 10%га кымбаттады

22 мая 2023, 14:21

Январь-апрель айларында ЕАЭБ өлкөлөрүндө акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баа 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 11,3%га жогорулаган. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди. 

Баарынан да алардын баасы Казакстанда 14,3%га, Орусияда 11,4%га өскөн. Андан кийинки орунда  10%дык өсүү менен Кыргызстан турат. 

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы эң аз Арменияда  6,5%га жана Беларуста 6,9%га өскөн.