Жеке керектөөнүн өсүү темпи 2023-2025-жылдары 4,2% деңгээлинде күтүлүүдө

4 января 2023, 14:38

ИДӨнү пайдалануу жагынан Каржы министрлиги керектөө үлүшүнүн 2023-жылдагы 104,9%дан 2025-жылы 102,6%га чейин төмөндөшүн болжолдоодо.

Жеке керектөөнүн үлүшү быйыл ИДӨгө карата 87,7%дан 2025-жылы 86,3%га, мамлекеттик керектөө 2023-жылдагы ИДӨгө карата 17,2%дан 2025-жылы 16,4%га чейин төмөндөйт.

“Жеке керектөөнүн өсүү темпи 2023-2025-жылдары орточо 4,2% деңгээлинде болжолдонууда. Мамлекеттик керектөөнүн өсүү темпи 2023-жылы 1,2%га (2024-2025-жылдары орточо 1,15%га) өсөт”, -деп айтылат маалыматта.