Быйыл Кыргызстанда инфляция 7%га төмөндөйт

11 апреля 2024, 11:02

Быйылкы жылы Кыргызстанда инфляция 7%га төмөндөйт. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсүндө айтылат.

Ошондой эле, 2025-жылы инфляция дагы 0,5% төмөндөйт. Окуялардын мындай өнүгүшү дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы кырдаалдын жакшырышына жана ички суроо-талаптын басаңдашына байланыштуу болушу мүмкүн.

Мындан тышкары өкмөт негизги азык-түлүк товарларына бааларды төмөндөтүү боюнча иш-чаралардын планын кабыл алды, бул инфляцияны ооздуктоого жардам берери шексиз.