Быйыл санариптик экономикага 600 млн сом бөлүнөт

7 февраля 2024, 11:44

2024-жылы санариптик экономиканы өнүктүрүүгө 600 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттар өлкөдө санариптик трансформация долбоорлорун ишке ашырууга багытталат, каражат 2023-жылдагыга караганда 100 млн сомго көп. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды өнүктүрүүгө жана модернизациялоого, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик борбордун курулушуна жумшалат.