Быйыл Кыргызстандын экономикасы 6% өсөт деп күтүлүүдө

25 апреля 2024, 12:11

Экономика жана соода министрлиги быйыл Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 6%дан кем эмес болорун болжолдоодо. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын коллегиясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Мында 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,4 триллион сомду түзөрү күтүлүүдө.

"2023-жылы экономиканын орточо жылдык өсүү темпи 6,2%ды түздү. Экономиканын бардык тармактарында өсүш байкалды", - деди Жапаров.

Эске салсак, 2024-жылдын биринчи кварталында кыргыз экономикасы 8,8%га өскөн.