«Каракол» аэропортунда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт
“Каракол” эл аралык аэропортунда курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Подрядчылар үч лот боюнча тендерге катышууга чакырылат:
- Лот №1 – “Каракол” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык имаратын куруу долбоору боюнча курулуш-монтаждоо иштери;
- Лот №2 - “Каракол” эл аралык аэропортунун аэродромунун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо, жасалма учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу менен;
- Лот №3 – “Каракол” эл аралык аэропортун жогорку интенсивдүү жарыктандыруу системасы менен жабдуу үчүн жабдууларды жеткирүү, курулуш-монтаждоо жана эксплуатациялоо иштери, аэродромдун шамал жана перрондук жарык берүүчү мачталарды орнотуу.
Конкурстук табыштамалар (1 түп нуска жана 2 нуска) чапталган конверттерде берилиши керек (дареги бар конвертте электрондук алып жүрүүчүдөгү тендердик табыштаманын толук пакетинин мазмуну камтылууга тийиш).
Арыздар төмөнкү дарекке жеткирилиши керек: Бишкек шаары, “Манас” эл аралык аэропорту” ААК, административдик имарат. Телефон: 0312 69 34 06.
Тендердик табыштамалардын ачылышы 23-августта болот.