«Манас» аэропортунун жаңы директорлор кеңеши шайланды

27 апреля 2023, 12:05

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу аэропорттун акционерлеринин жылдык жалпы жыйынында белгилүү болду.

Жаңы курамга Талант Жаманаков, Мирлан Коңурбаев, Чыңгыз Эркинбаев, Ренат Тулебердиев жана Эльзар Жунушбаев кирди.

Ошол эле учурда Талант Жаманаков директорлор кеңешинин төрагасы болду.

Мындан тышкары, текшерүү комиссиясынын жаңы курамы да шайланып, анын курамына Айгүл Турдалиева, Турат Кусеинов жана Таалакүл Сулейманова кирди.