Москвадагы аэропортто 20дай кыргызстандык өтө албай турат

17 апреля 2024, 09:47

Бүгүнкү күндө “Шереметьево” аэропортунун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20дай Кыргызстандын жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстандын жарандары тамак-ашын уюштуруу маселеси боюнча элчиликтин ишеним телефонуна кайрылып, ал чечилген.

“Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы элчилиги менен биргеликте Шереметьево аэропортунда жайгашкан мекендештер менен болгон кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө. Аларды Кыргызстанга кийинки каттамдарга жөнөтүү маселеси каралууда”, - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги. 

Эске салсак, “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусия өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдаткан.