Апрель айында Кыргызстанда инфляция 2%га төмөндөдү

18 мая 2023, 12:27

Кыргызстанда 2023-жылдын апрель айында инфляциянын жылдык деңгээли 10,7%га төмөндөдү. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Бул инфляциянын деңгээли 8,7% болгон 2021-жылдын апрелинен берки эң төмөнкү көрсөткүч. Белгилеп кетсек, өткөн айда инфляциянын деңгээли 12,7% түзгөн.

Төмөндөө азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге, тамекиге жана азык-түлүк эмес товарларга баанын төмөндөшүнө байланыштуу. Бирок кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 0,1%га жогорулаганын белгилей кетүү керек.