Апрель айында мамлекеттик карызды жабууга 3,7 млрд сом жумшалат
2020-жылдын апрель айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө 3 млрд 741 млн 482.1 миң сом бөлүү пландалууда. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди.
Апрель айында мамлекеттик карызды жабууга, февраль айына салыштырмалуу (2 млрд 797.9 млн сом) 1 млрд сом көбүрөөк жумшалат.
Кошумчалай кетсек, 2020-жылы Кыргызстан мамлекеттик карызды жабууга 28.8 млрд сом бөлөөрү маалым болгон.