Апрелде социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарга чыгым 34 эсе өстү

29 мая 2023, 11:17

Каржы министрлиги апрель айындагы кассалык чыгашалар боюнча отчет берди, ага ылайык сумма 26 миллиард 200 миллион 566,9 миң сомду түздү.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 704 миллион 347,1 миң сомго көп, анда кассалык чыгашалар 25 миллиард 496 миллион 219,8 миң сомду түзгөн.

Олуттуу сумма гранттарды, социалдык жардамдарды, эмгек акыларды каржылоого, тышкы карызды тейлөөгө жумшалды. Мында “Социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдар” беренеси боюнча каржылоо 2022-жылдагы 541,7 миң сомдон 2023-жылы 18,4 миллион сомго чейин, 34 эсеге өстү.