Бажы кызматы апрелде 46,8 млн сомго көп каражат жыйнады
Апрель айында Бажы кызматы мамлекеттик бюджетке 8,8 млрд. сом которду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Бул сумма Каржы министрлиги белгилеген суммадан 46,8 млн. сомго көп. Муну менен план 100%га аткарылды.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке түшүүлөр 3,5 млрд. сомго көбөйгөн. Өсүү темпи 165,4%ды түзгөн.