Апрелде эл аралык дүң камдар 152 млн долларга өскөн
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча апрель айында эл аралык дүң камдар 2 миллиард 675,5 миң долларды түзгөн.
Өткөн айга салыштырмалуу алар 152 миллион 490 миң долларга көбөйгөн. Ошол эле учурда, жылдын башына карата дүң камдар 71,64 миллион долларга азайган.
2021-жылдын башынан бери регулятор беш интервенция жүргүзүп, валюта базарында 208,2 миллион долларды сатканы маалым.