Ош: Араванда айыл өкмөт мектеп курууга инвестор издеп жатат

12 января 2023, 10:05

Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров атындагы айыл өкмөтү көп кабаттуу үйлөрдү, мектеп жана бала бакчаны капиталдык курууга инвесторлорго сынак жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Пландалган иштин баасы 100 миллион сомду түзөт. Курулушка айыл өкмөттүн аймагынан беш гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Подрядчы долбоордун ишин 2024-жылдын төртүнчү кварталына чейин бүтүрүшү керек.