Августта мамлекет бизнеске кошумча нарк салыгын 63,5 млн сомго кайтарып берет

25 августа 2021, 16:18

Ушул жылдын август айында ишкерлерге кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу үчүн республикалык бюджеттен 63 миллион 559,4 миң сом бөлүү пландаштырылган.

Белгилей кетсек, бир ай мурун бюджетте бул максаттарга 22 миллион 590,2 миң сом гана каралган болчу.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан быйыл бекитилген бюджетке ылайык, мамлекет 500 миллион сом өлчөмүндө КНСти ишканаларга кайтарып берүүнү мерчемдөөдө.