Августта казакстандыктар коммерциялык банктардан 113 кг алтын сатып алышкан

21 сентября 2021, 10:32

Казакстандын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, август айында Казакстандын тургундары коммерциялык банктардан жалпы салмагы 113,7 кг болгон 2,4 миңден ашуун өлчөнгөн куймаларды сатып алышкан.

Жалпысынан алтын сатуу боюнча улуттук программа башталгандан бери жалпы салмагы 2,3 тонна болгон 62 миң 838 өлчөнгөн куймалар сатылды.

Сатып алуучулар арасында эң популярдуусу 10 граммдык алтындар. 

Негизинен өлчөнгөн куймалар Алматы, Нур-Султан жана Атырау шаарларында суроо-талапка ээ.