Август айында коммерциялык банктар улуттук валютада 904 млн сомго насыя беришти
Улуттук валютадагы кредиттердин жалпы көлөмү августтун аягында 122,8 млрд сомго жеткен. Бир айда өсүш 904 миллион сомду түздү, деп билдирди Улуттук банк.
Жыл башынан бери улуттук валютадагы кредиттердин көлөмү 108,7 миллиард сомдон өстү. Орточо пайыздык чендер 16,3%ды түзөт.
Коммерциялык банктардын жалпы кредиттик портфели 174 млрд сом. Ага чет өлкөлүк валютада берилген кредиттер дагы кирет.