Августта мамлекеттик карызды тейлөөгө 1,7 млрд сом багытталат

12 августа 2022, 13:42

Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөө үчүн август айынын бюджетинде 1 миллиард 702 миллион 236 миң сом каралган. Мындай маалыматтар кассалык планда келтирилген.

Бул сумма ушул жылдын июль айына салыштырмалуу 25,32% аз, анда бул максаттарга бюджеттен 2 млрд 279 млн 503,1 миң сом каралган. Төлөмдөрдүн азайышынын себеби тактала элек.

Кошумчаласак, Каржы министрлиги мамлекеттик карыздын көлөмү тууралуу жарандарга акыркы жолу ушул жылдын май айында маалымат берген. Ал 5 миллиард 115,45 миллион долларды түзүп, апрель айына салыштырмалуу 23 миллион 250 миң долларга же 4 миллиард 295,7 миллион сомго көбөйүп, 422,4 миллиард сомду түздү.