Республикалык бюджет август айында 23 млрд сомго пландаштырылган

11 августа 2022, 10:43

Август айына республикалык бюджеттин ресурстары 23 миллиард 47 миллион 331 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Бюджетке каражаттардын басымдуу бөлүгүн салыктык түшүүлөрдөн алуу пландаштырылууда, бул 19,8 миллиард сомду же жалпы бюджеттин 85,9%ын түзөт. Мында салыктык түшүүлөр боюнча эң чоң салым Мамлекеттик салык кызматына тиешелүү – 11,3 млрд сом, Бажы кызматына – 8,5 млрд сом.

Белгилеп кетсек, июль айына салыштырмалуу бюджет 645 млн 198,8 миң сомго (-2,72%) кыскарса, 2022-жылдын январына карата бюджеттик каражаттар 71,3%га өскөн.