Бул айда Жогорку Кеңеш үчүн бюджеттен 45,9 млн сом керектелет

25 августа 2021, 13:10

Август айында Жогорку Кеңештин аппараты үчүн республикалык бюджеттен 45 миллион 943,7 миң сом сарптоо пландаштырылганын Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Бул сумма 2020-жылдын августуна караганда 101,2 миң сомго жогору. Ошол эле учурда бул июль айында пландаштырылгандан 12,3 миллион сомго аз (58,3 миллион сом).

Иш башкармалыгын, гаражды жана төраганын резервдик фондун кошкондо, Жогорку Кеңеш үчүн жалпы чыгымдар 60 миллион 576,6 миң сомду түзөт.