«Бай-Түшүм» банкынын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду

23 мая 2023, 14:40

"Бай-Түшүм" банкынын аткаруу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Ошентип, директорлор кеңешинин чечими менен Марат Юсупов менен Сергей Канивец директорлор кеңешинин мүчөсү болушту.

Эске салсак, буга чейин Ирина Ким банктын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан кеткен.