«Бакай Банктын» директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду

1 июня 2023, 11:33

Улуттук банк Тимур Ибрагимовдун талапкерлигин “Бакай Банк” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө жактыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында маалымдалды.

Талапкерликти "Бакай Банк" ачык акционердик коому көрсөткөн. Мындай чечим ушул жылдын 26-майында Улуттук банк тарабынан макулдашылган.