“Бакай банктын” жетекчисинин жаңы орун басары дайындалды

18 апреля 2022, 16:52

Валентина Коваленко “Бакай Банк” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Мындай чечимди директорлор кеңеши 14-апрелде кабыл алган.

Эске салса кетсек, өткөн айдын аягында Оксана Соломко башкармалыктын төрагалыгынан кеткен.