Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

5 августа 2022, 14:03

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжандын экономика министринин орун басары Сахиб Маммадов ушул айда Баку шаарында пландалган өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолугушууда ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык тармактагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.