«Бай-Түшүм» банкынын жаңы директорлор кеңеши түзүлдү

26 апреля 2023, 14:48

Кечээ "Бай-Түшүм" банкынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Жыйында банктын жаңы директорлор кеңешинин курамын шайлоо чечими кабыл алынды. Ошентип, курамга Гүлнара Нуркулова, Аман Тентиев, Татьяна Томаш, Татьяна Доган жана Гүлмира Ергалиева кошулду.