Банк тутумунда 600 млн долларга жакын акча бар, анын 40% накталай

31 января 2023, 10:40

Былтыр 2022-жылдын жазынан бери накталай доллар тартыш болгонуна карабастан, учурда валюта рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева маалымат жыйынында билдирди.

Долларга болгон тартыштык негизги валюталарга карата санкцияларды киргизүү менен байланыштуу. Бул себептүү 2022-жылдын жаз айына чейин түзүлгөн долларды жеткирүү каналдары бузулган.

Кошумчалай кетсек, 13-январдан тарта чет элдик валютаны сыртка алып чыгууга тыюу салынган. Эгерде экспорттолгон валютанын суммасы чектен ашса, эреже бузган адам экспорттун 10 пайыздык  алымын төлөшү керек. Бүгүнкү күндө валютада маселе жок, банк системасында 600 миллион доллардын тегерегинде каражат бар, анын 40% накталай каражат.