Ат-Башыда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

20 апреля 2021, 17:00

Нарын облусунун Ат-Башы районунда ачык терезе форматындагы жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы КТБнун аянты 200 чарчы метрден ашат. Электрондук кезек, видеокөзөмөлдөөчү камералар, касса жана сүрөт тартуучу жай орнотулган.

Арыздарды кабыл алуудан баштап, документтерди даярдоого жана аларды берүүгө чейин, процесс толугу менен автоматташтырылган.