Ат-Башыда 74,8 млн сомго бала бакча курулат

30 декабря 2022, 10:54

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылына бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин баасы 74 миллион 849 миң 104 сомду түзөт. Бул каражатка подрядчы 120 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруп бериши керек.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү такталган эмес.