Баткенге 150 тонна гумжардам жөнөтүлдү

7 мая 2021, 09:20

Баткен облусунун тургундары үчүн 30-апрелден 5-майга чейин 150 тонна жүк гуманитардык жардам түрүндө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Штабдын ишине 300гө жакын ыктыярчылар тартылып, алар гуманитардык жардамдын эсебин алып, жүк ташуучу унааларга жүктөштү.

Каражат чогулткандардын арасында ишкерлер басымдуу.