Баткенде 80 гектар жайыт жер үй куруу үчүн мыйзамсыз берилген

13 апреля 2021, 14:45

Баткен облусунун Кадамжай районунун прокуратурасы тарабынан 80 гектар жайыт жердин жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыттар жеке турак жай курууга өткөрүлүп берилген.

[жаңылыктар 33811]

"Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан 80 гектар жер 615 жер тилкесине бөлүнүп, анын көпчүлүгүнө жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар берилген", - деп айтылат билдирүүдө.

Райондук прокуратура тарабынан Баткен районунун административдик сотуна айыл өкмөттүн жогорудагы чечимдерин, ошондой эле жерге жеке менчик укугу боюнча мыйзамдуу документтерди жараксыз деп табуу боюнча доо арызы келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.